Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:47

Искендер Матраимов: Иш-чараны трагедияга айлантуунун кереги жок


Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов - коомчулукта «Раим миллион» деген ат менен белгилүү Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы.
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов - коомчулукта «Раим миллион» деген ат менен белгилүү Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Ош облусунун Кара-Суу районунда өткөн чуулгандуу иш-чара тууралуу «Азаттыкка» комментарий берди:

- Бул иш-чара 8-9 жылдан бери өтүп келет. Жыл сайын 9-майга жакын өткөрчү элек. Бул жолу 6-майда Орозо башталат, ошондуктан 1-майга туштап эртерээк өткөрүп жатабыз. Эл ошол күнү келип, катышат. Майрамдык маанайда өтөт. Айыл өкмөттөрдүн арасында кичи футбол жана волейбол боюнча мелдеш өткөрөбүз. Мен 3,5 жылдан бери Жогорку Кеңеште депутат болуп отурам. Жылда эле депутаттар келет. Жыл өткөн сайын депутаттардын арасында бири-бирине болгон мамилеси жакын боло берет экен. Ушундай иш-чарага өзүм депутаттарды чакырдым. Алар менин чакыруумду кабыл алып, катышып кетишти. Мен түшүнүп жатам... Менин иниме болгон сөздөрдүн буга кандай тиешеси бар? Бул жерде трагедия болбосо керек. Муну баары туура түшүнүшү керек. 15 миңдей эл катышты. Кыргыздар бир ууч элбиз, бири-бирибиз менен катташабыз да, ушинтип.

Бүгүн Ош облусунун Кара-Суу районунда Искендер Матраимов атасы Исмаил Матраимовдун элесине арналган волейбол жана кичи футбол боюнча мелдеш өткөргөн. Ага Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков, вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, фракция лидерлери Алмамбет Шыкмаматов, Алмазбек Батырбеков, депутаттар Жанарбек Акаев, Руслан Казакбаев, Улан Примов, Тазабек Икрамов, Канатбек Исаев жана башкалар катышкан.

Иш-чарадан тартылган сүрөттөр социалдык тармактарга тарап, катуу талкууга түштү. Интернет колдонуучулар иш-чарага катышкан депутаттардын жана мамлекеттик кызматкерлердин моралдык жоопкерчилигин сынга алып жатышат. (KR)

XS
SM
MD
LG