Феминисттерден жана ЛГБТнын өкүлдөрүнөн турган «8/365» уюму анын мүчөлөрүн «Кырк чоронун» мүчөлөрү жумуртка менен урганын билдирди.
Бүгүн, 1-майда ЛГБТ өкүлдөрү пикникке чыккан маалда аларга белгисиз бирөөлөр келип, ыдык көрсөтүп, жумуртка менен ура баштаган. «8/365» уюмунун өкүлдөрү паркта жүргөн милиция кызматкерлери мындай аракеттерди токтотууга же тоскоол кылууга шашылбаганын айтып, нааразылыгын билдиришти.
«Кырк чоро» уюмунун лидери Замирбек Көчөрбаев аларга «Whatsapp» аркылуу феминисттер жана ЛГБТ өкүлдөрү бүгүн бир иш-чара уюштуруп жатканы тууралуу билдирүү келгенин айтып, бирок алар иш-чарага жөн гана көз салуу максатында барганын ачык айтты.
Буга чейин, 8-мартка карата марш уюштурган феминисттик уюмдардын өкүлдөрү аларды «Кырк чоро» уюму, депутаттар жана башка белгисиз адамдар коркутуп жатканын айтышып чыккан.
Анда Бишкектеги феминисттердин маршы тууралуу талкуу парламентке да жеткен. Бир катар депутаттар 8-марттагы жүрүштү кескин айыптап, акцияны «гей-парад» деп баалашкан.