Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:30

Орусиядагы акцияларда 100дөн ашык киши кармалды


Жергиликтүү депутат Максим Резникти полиция кармаган учур. Орусия, Санкт-Петербург. 1-май, 2019-жыл.
Жергиликтүү депутат Максим Резникти полиция кармаган учур. Орусия, Санкт-Петербург. 1-май, 2019-жыл.

Орусиянын бир нече шаарларында 1-майда өткөн акцияларда кеминде 111 киши кармалды. Оппозициялык активисттер, коммунисттер, кесиптик кошуундардын өкүлдөрү Эмгекчилердин эл аралык күнүндө демонстрацияга чыгышкан.

Санкт-Петербургдагы оппозициянын митингинде президент Владимир Путинди сындаган чакырыктарды айткандан кийин полиция аларды кууп таратып, 66 кишини кармаганы кабарланды.

Катышуучулардын айрымдары «Путин - ууру», «Бул - биздин шаар» деген чакырыктарды таштап, «Путин өлбөс эмес» деген жазууларды көтөрүп турушту. Санкт-Петербургдагы акцияга катышкан эки миңдей кишинин арасында оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын тарапкерлери да жүрдү. Навальный Интернеттеги баракчасына «уруксат берилген жүрүштү эч себепсиз кууп-таратышты» деп жазды. Кармалгандардын арасындагы жергиликтүү депутат Максим Резник өзүн полиция кармап кеткени тууралуу сүрөттөрдү жарыялады. Кийинчерээк анын бошотулганы кабарланды.

Акыркы убакта Орусияда бийликтин пенсиялык реформасы менен жашоо-турмуштун начарлашына байланыштуу элдин нааразылыгы күчөп жатат.

Миңдеген адамдар Москва жана башка шаарларда кызыл желектерди көтөрүп, демонстрация өткөрүштү.

«ОВД-Инфо» уюмунун маалыматына караганда, Ыраакы Чыгыштагы Петропавловск-Камчатка шаарындагы митингде 16, Сибирдин Томск шаарында 10, Курск, Махачкала жана Новосибирск шаарларында 18 киши кармалды.

Бул күнү бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясынын, Коммунисттик партиянын миңдеген мүчөлөрү жана башка активисттер да Санкт-Петербургдун борборуна чыгышты.

XS
SM
MD
LG