Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Казакстан: Нур-Султанда жана Алматыда 80 киши кармалды


Алматыдагы нааразылык акциялары. 1-май, 2019-жыл.
Алматыдагы нааразылык акциялары. 1-май, 2019-жыл.

Казакстандын Ички иштер министрлиги 1-майда бир катар шаарларда өткөн нааразылык акцияларына байланыштуу расмий билдирүү таратып, Алматыда жана баш калаада 80 адам кармалганын кабарлады. Анда «уруксатсыз митингдер жана жарандардын жыйындары прокуратуранын эскертүүсүнө карабай өткөнү» белгиленет.

Министрликтин билдирүүсүндө акциялардын катышуучуларына «позицияларын жана ойлорун эркин, ачык айтуу мүмкүнчүлүгү берилгенин», ага карабай айрымдар «өздөрүн агрессивдүү алып жүргөнү» жана «коомдук тартипти бузганы» айтылат. Кармалгандарга эми «укуктук баа берилет».

Казакстандын Нур-Султан, Алматы, Семей, Караганда, Шымкент жана Актөбө шаарларында 1-майда нааразылык акциялары өттү. Башка шаарларда кармалгандар тууралуу маалымат жок, Байкоңурда кармалган бир нече адам төрт сааттан кийин бошотулган.

Акцияга чыккандар 9-июнга белгиленген кезексиз президенттик шайлоого бойкот жарыялоого, парламенттик башкарууга өтүүгө чакырып, таза шайлоо өткөрүүнү талап кылышты. Кечээ Казакстанда Элдик ынтымак күнү майрамдалды. (ErN)

XS
SM
MD
LG