Якутия Республикасында эл аралык террордук уюмдарга үгүттөө үчүн шектүү катары кармалган кыргыз жараны камакка алынды. Бул тууралуу «РИА новости» басылмасы Орусиянын ФСБ кызматынын аталган республикадагы башкармалыгынын басма сөз кызматына таянуу менен жазды.
Билдирүүдө белгиленгендей, 2018-жылы Якутиянын күч кызматтары Амур облусундагы кызматташтары менен чогуу «исламчыл радикал топтун» мүчөсүн кармашкан. Ал өзү Якутияда туруп, социалдык тармактар аркылуу террордук аракеттер үчүн адамдарды тартып жүргөн. Шектүү адам жеке баракчасында террорчуларды колдогон, алардын ишмердүүлүгүн актаган материалдарды жайгаштырып келген.
«Аймактык аскердик соттун чечими менен Кыргызстандын жараны Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 205.2-беренесинин 1-бөлүгү менен («Террордук ишмердүүлүктү жүргүзүүгө коомдук чакырык жасоо жана терроризмди коомчулук алдында жактоо») соттолду»,-деп баяндалат кабарда.
Кыргызстандык канча жылга соттолгону, аты-жөнү, жашы толук берилген эмес. (ErN)