Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:29

Парламент жыйынына 20га жетпеген депутат катышууда


Жогорку Кеңештин жыйындар залы. 2-апрель, 2019-жыл.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы. 2-апрель, 2019-жыл.

Ушу тапта Жогорку Кеңештин жыйыны жарым-жартылай бош залда өтүп жатат. «Азаттыктын» кабарчылары залдан тартып жөнөткөн сүрөттөн 20 чакты депутатты гана көрүүгө болот. Бирок таблодо катталгандардын саны 110 экени жазылып турат.

Күн тартибине ылайык, ар кандай маселелер талкууланып, депутаттар өкмөт өкүлүнө өз сунуш-пикирлерин айтып жатышат.

Парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулунун айтымында, бейшемби күндөрү ар кандай маселелер талкууланып жатканда бул кадыресе көрүнүш, себеби ар бир депутат өз маселесин айткандан кийин залдан чыга турууга укуктуу.

«Саат 11де уран маселеси талкуулана баштайт. Ошондо депутаттар толук катышат» деди ал.

Жогорку Кеңеш 120 депутаттан турат.

1-майда Кара-Суу районунда бир тууган Матраимовдор өткөргөн иш-чарага жоон топ бийлик өкүлдөрүнүн барганы талкууга түшкөн болчу. (BTo)

XS
SM
MD
LG