Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Караколдо уран кендерин иштетүүгө каршы митинг өтүп жатат (видео)


Уран кендерин иштетүүгө каршы чыккан активисттер. Каракол. 2-май 2019-жыл.

Каракол шаарынын стадионунда бүгүн 2-майда саат 10:00до уран кендерин иштетүүгө каршы митинг башталды.

«Азаттыктын» Ысык-Көлдөгү кабарчысы Асеин Маданбековдун айтымында, иш-чарага болжол менен 40тай шаардык активист катышууда. Алар митингди Алыкул Осмоновдун «Ата-Журт» ыры менен башташты.

Учурда Караколдогу журналист Алена Хоменко баштаган уран казууга каршы петиция 30 325 кишинин колун топтой алды.

Караколдук активисттер уран казууга каршы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:42 0:00

Бүгүн кыргыз өкмөтү Жогорку Кеңешке келип, уран кенинин айланасындагы маселе боюнча отчет берет.

26-апрелде да Бишкекте Кыргызстандын аймагында уран казууга каршы акция өткөн. Анда резолюция кабыл алынып, бийликке «Кыргызстанда уран жана башка радиоактивдүү материалдарды казуу жана кайра иштетүүгө толук тыюу салуу боюнча мыйзам кабыл алуу, жаратылышты коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузган жооптуу адамдарга кылмыш ишин козгоо жана уран кенин иштетүүгө каршы чыккан активисттерге кысымды токтотуу» деген талаптар коюлган. (AsM/KR)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG