Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:16

Ысык-Атанын Интернационал айылынын тургундары жол тосушту (видео)


Ысык-Атадагы жол тоскондордун талабы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:25 0:00

Ысык-Атадагы жол тоскондордун талабы

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Интернационал айылынын тургундары жолду тосуп, жергиликтүү бийликке талап коюшту. Алар айылдын жолунан чоң жүк ташуучу автоунаалар өтүп, жолдун талкаланып калганына нааразылыгын билдиришти. Интернационал айыл өкмөтүнүн депутаты Ильяс Сырдыбаев «Азаттыкка» бул тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

- Жолдун баары бузулуп жатат. Килтейген 40-70 тонналык «ховолор» өтүп жатат. Бул жактагы эл чыдабай калды. Азыр бардык машинелерди токтотуп, айдоочулар менен кырылышып жатабыз. Биздин талап мындай - биздин жолдон «ховолорду» жүргүзбөсүн. Жолубузду оңдоп берсин. Жолдун кейпин көрсөңөр элди түшүнөсүңөр. Бизде 19 карьер бар. Ошолорду комиссия келип текшерсе болот эле. Ар ким өзүм билемдик кылып, жердин баарын казып салды. Акимиаттан бизге эч ким басып келген жок.

Сырдыбаевдин айтымында ушу тапта ал жерде 300-400 киши чогулган. (KR)

XS
SM
MD
LG