Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Батукаевдин иши боюнча онколог Эмил Макимбетов камакка алынды


Кыргызстандан чыгарылып кеткен кримтөбөл Азиз Батукаев.
Кыргызстандан чыгарылып кеткен кримтөбөл Азиз Батукаев.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында «ага оорулуу деген аныктама (справка) берди» деген айып менен онколог Эмил Макимбетов камакка алынып, ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилгени маалым болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» ИИМ кабарлады.

Эмил Макимбетов - балдардын онкология жана гематология борборунда эмгектенген илимий кызматкер. Ал тажрыйбалуу онколог катары белгилүү.

Быйыл 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин суроосуна жооп берип жатып Батукаевдин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын билдирген.

Кийин, 30-апрелде Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева «Азаттыктын» «Эки бир» программасында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча соттордун чечими кайра каралаарын билдирди.

Оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. (KR)

XS
SM
MD
LG