Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

Ибраимов менен Кулматов дагы эки ай тергөө абагында олтурат


Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов.
Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов.

Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин райондук соту баш калаанын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын өзгөртүп, аларды эки айга тергөө абагына кармоо тууралуу чечим чыгарды.

Буга чейин мэрлердин адвокаты Сергей Слесарев Ибраимов менен Кулматов тергөө абагында мыйзамсыз отурганын айтып келген.

Сот ошондой эле соттук териштирүү мөөнөтүн да эки айга узартууну чечти.

Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов «мектеп курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп күнөөлөнгөн. (KR)

XS
SM
MD
LG