29-апрелде Орусиянын Санкт-Петербург шаарында эки кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кабарлады. Алар Орусиядагы мигрант мекендештерди уурдап кетип, уруп-сабап, карактаган деп шек саналууда. Алардын бири Кара-Суу районунда туулган, 38 жаштагы А.Ж. Санкт-Петербург шаары менен Ленинград облусунда «смотрящий» болгону айтылат. Экинчиси Алайда туулган 32 жаштагы Э.А. анын жандоочусу болгон.
Шектүүлөр орус-кыргыз күч органдарынын биргелешкен операциясында кармалган. Алар эки айга камакка алынып, кылмыш иши козголду. Маалыматта Кыргызстандын бул эки жараны тууралуу маалымат мурда эле түшкөнү менен арыз жазган киши болбогондуктан кармоо кечеңдегени, азыр алардын шериктери изделип жатканы белгиленет.