Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:00

«Ак-Тилекте» 30дан ашуун жүк ташуучу машине топтолуп турат


«Ак-Тилек» чек ара бекетинде казак тарапка кезек күтүп турган автоунаалар. 10-апрель, 2019-жыл.
«Ак-Тилек» чек ара бекетинде казак тарапка кезек күтүп турган автоунаалар. 10-апрель, 2019-жыл.

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде учурда 30дан ашуун жүк ташуучу автоунаа кезек күтүп турат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди. Анын айтымында, кыргыз тараптан эч кандай чектөө жок, ал эми казак тарап жаңы эрежелерди киргизген.

- Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде абал туруктуу, - деди мекеменин өкүлү. - «Ак-Тилек» бекетинен жүк ташуучу автоунаалар кыргыз тараптан эч тоскоолдуксуз өтүп жатат. Чек арачылар тыюу салынган буюмдардын бар-жогун гана текшерүүдө. Казак тарап көзөмөлдүн кошумча түрлөрүн киргизген. Азыркы тапта текшерүүдөн өтүш үчүн кезекти 30-35 машина күтүп турат.

Быйыл март айында «Ак-Тилекте» казак тарап ар бир жүк ташуучу автоунаадагы товарды катуу текшерүүнүн натыйжасында топтолуп кеткен автоунаалардын саны 250дөн ашкан.

Кыргыз тарап чек арадагы кошумча текшерүүлөр Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) ченемдерин бузуп, товарларды эркин алып өтүү принцибине каршы келерин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG