Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Сот «Апрель» менен Атамбаевди үч саясатчыга 600 миң сом төлөөгө милдеттендирди


Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков жана Азимбек Бекназаров. Коллаж.
Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков жана Азимбек Бекназаров. Коллаж.

Бишкек шаардык соту «Апрель» телеканалын жана экс-президент Алмазбек Атамбаевди аларга каршы доо арыз жазган Азимбек Бекназаровго, Акматбек Келдибековго жана Кеңешбек Дүйшөбаевге жалпысынан 600 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Апрель» телеканалын өз эфиринде төгүндөө жарыялаганга, ал эми Атамбаевди ар бир саясатчыга 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген.

Шаардык соттун «Апрелди» да акча төлөөгө милдеттендирген чечимин медиа эксперт, «Медиа полиси» институтунун директору Бегайым Усенова кескин сынга алды:

- Соттун мындай чечими тынчсыздандырат, себеби «Апрель» телеканалы Атамбаевге болгону микрофон сунуп, интервью алган. Бул экс-президенттин жоопкерчилиги, андыктан массалык маалымат каражаты бул үчүн жоопкерчиликке тартылбашы керек. Биздин ММКлар 300 миң сомдук айыппул төлөгүдөй киреше таппайт. Бул реалдуулуктан алыс.

Азимбек Бекназаров, Акматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана «Апрель» телеканалын былтыр жыл этегинде сотко беришкен. Алар «экс-президент телеканалдагы маегинде ар-намысыбызга шек келтирди» деп, жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. (KR)

XS
SM
MD
LG