Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:05

HRW: Кытай Шинжаңдагы элди Интернет аркылуу көзөмөлгө алууда


Кытай. Шинжаңдын Үрүмчү шаарындагы мусулмандар жума намаз маалында. Сүрөт 2014-жылдын 23-майында тартылган. Архив.
Кытай. Шинжаңдын Үрүмчү шаарындагы мусулмандар жума намаз маалында. Сүрөт 2014-жылдын 23-майында тартылган. Архив.

«Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму (HRW) Кытайдын бийлигин «чөнтөк телефондогу тиркеме аркылуу Шинжаң-Уйгур автоном аймагындагы мусулман калктарды көзөмөлдөп жатат» деп айыптады.

«Integrated Joint Operations Platform» («Биргелешкен операциянын жалпы платформасы») деп аталган тиркеме адамдардын телефондорун, компьютерлерин көзөмөлгө алып, эгер жумушунда, кыймыл-аракетинде, адамдар менен сүйлөшүүсүндө шектүү бир нерсе болсо, ал түгүл электр энергиясын көп колдонуп жатса белги берет.

Ал эми «шектүү адамдарга» атайын кызматтар көңүл бурат.

АКШнын Мамлекеттик департаменти өткөн жумада жарыялаган баяндамасы боюнча 2017-жылдын апрелинен тартып Шиңжаңда мусулмандар лагерлерге мажбурлап кармала баштаган. Алардын саны 800 миңден 2 миллиондон ашуун адамга чейин экени айтылат. Анын ичинде уйгурлар, казактар, кыргыздар жана башка мусулмандар бар.

Шинжаңдагы уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу мусулмандарга жасалган катаал мамиледен улам эл аралык коомчулук Бээжинди кескин сындап жүрөт. Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттери Шинжаңдагы саясий лагерлерде 1 миллионго жакын адам кармалып турганын билдиришкен.

Бээжин Шиңжаңда уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулман азчылыгын мажбурлап кармап, кыйнаган лагерлер тууралуу маалыматтарды четке каккан. Мындай жайларды Кытайдын бийлиги «элди агартуучу, тарбиялоочу борборлор» деп атап, ал жерде шинжаңдыктар коомго аралашууну үйрөнүп, экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөш жүрүп жатканын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG