Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда уран чалгындоого жана казууга тыюу салган токтом кабыл алды (видео)


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш саясий чечим кабыл алып, республика аймагында уран кендерин чалгындоого жана казууга тыюу салуу тууралуу токтом кабыл алды. Бул жөнүндө парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн Кызыл-Омпол боюнча маселе талкууланган жыйынды жыйынтыктап жатып айтты:

- Депутаттар да, өкмөт да мыйзам долбоорлорун иштеп чыгат, талкуу болот. Бирок негизинен парламент саясий чечим кабыл алды - Кыргызстандын бардык аймактарында уран кендери токтотулат. Чалгындоо жана иштетүү максатында - баарына тыюу салынат.

Жумабековдун айтымында, токтомго «калктын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалыматы эске алынсын» деп жазылды.

Өкмөткө «коомдук резонансты эске алуу менен, калктын өмүрүнө, ден соолугуна жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгон радиоактивдүү элементтер камтылган кен чыккан жерлерге геологиялык чалгындоо иштерине жана иштетүүгө тыюу салсын» деген тапшырма берилди.

Ошону менен катар «Кыргызстандагы ЮрАзия» ишканасына карата «радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарды сакталышын текшерүү жүргүзсүн. Иондоштурулган нурлануучу булактарды инвентаризациялоо жүргүзсүн» деген талаптар коюлду.

Парламент уран казууну тыйган токтом чыгарды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00

Кыргызстанда уран кенине байланыштуу баш-аягы 18 лицензия берилгенин ага чейин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айткан.

Анын маалыматына караганда, тогуз лицензия жалаң уранды жана калган тогузу уран менен кошо башка да металлдарды чалгындоого берилген.

Боронов учурда иштеп жаткан өкмөттүн тушунда бир да лицензия берилбегенин кошумчалады.

Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде уран чалгындоого каршы нааразылык акциялары уланып жатат. Бишкекте, Балыкчыда, Караколдо катар-катар митингдер өттү.

Өкмөт Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарылып алынганын, кенди иштетүүгө толук тыюу салынганын айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG