Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Катар Ооганстандагы биринчи элчисин дайындады


Дохадагы «Талибандын» кеңсеси.
Дохадагы «Талибандын» кеңсеси.

Катардын эмири Тамим ибн Хамад аль-Тани 29-апрелде Саид Мубаракты Кабулдагы элчи кылып дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Ал Катардын Ооганстандагы биринчи элчиси болуп калды. Катарда Ооганстандын элчилиги буга чейин эле бар болчу.

Ооганстан Катардын Перс булуңундагы атаандаш өлкөлөрү Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмираттары менен жакшы мамиледе.

Катардын Кабулда өз элчисин дайындоосу Ооганстандагы 18 жылдык согушту токтотуу боюнча Дохада «Талибан» менен АКШнын өкүлү бир канча айлампа менен сүйлөшүү өткөрүп жаткан учурга туура келди.

Вашингтондун Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жетишүү максатында Катарда бир канча жолу жолуккан.

Дохада «Талибан» кыймылынын жарым-жартылай расмий саясий кеңесеси бар.

Талибдер сүйлөшүүлөргө ооган өкмөтү катышпасын деген талап коюп келатышат. Алар буга «өкмөт - Батыштын тактекеси» деген жүйө келтиришкен. Ошол эле кезде алар бийлик менен сүйлөшүүлөргө чейин Ооганстандан чет элдик аскерлерди чыгарууну талап кылышкан.

Ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын 19-апрелде Дохада белгиленген тынчтык сүйлөшүүсүнүн биринчи айлампасы болбой калган. Буга катышуучулардын саны боюнча тараптардын тил табыша албаганы себеп болгон.

Залмай Халилзад 28-апрелде Ооганстанга барган учурда талибдерди өз жолун өзгөртүүгө, тынчтыкка келүүгө үндөгөн.

XS
SM
MD
LG