Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Польшада Холокост курмандыктарын эскерген жүрүш өттү


2-майдагы жүрүшкө 10 миңдей киши катышты.
2-майдагы жүрүшкө 10 миңдей киши катышты.

Жыл сайын өтүүчү жүрүшкө «Антисемитизмге жок!» деген жазуусу бар плакатты жана Израилдин желегин көтөргөн, дүйнөнүн ар кыл жеринен келген 10 миң чамалуу киши катышты.

2-майдагы үч чакырымдык жүрүштө АКШнын алты элчиси, анын ичинде Израилдеги, Польшадагы башкы дипломаттары болду. Ага Румыниянын премьер-министри Виорика Дэнчилэ жана Польшанын айыл чарба министри да келген.

Польшада бул жүрүш 1988-жылдан бери өтөт.

Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында нацисттик Германия Польшанын Освенцим шаарындагы Аушвиц-Биркенау концлагеринде 1,1 миллион кишини өлтүргөн. Алардын көбү европалык жөөттөр болгон, өлгөндөрдүн арасында польшалык партизандар, цыгандар жана советтик туткундар да бар болчу.

Ушул эле күнү Израилде да Холокост курмандыктары эскерилди.

Израилде Холокост, башкача айтканда германдык нацисттердин жөөттөргө каршы кыргынынын курмандыктарын эскерүү 1951-жылдан бери жыл сайын апрелдин этегинде же майдын башында өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG