Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:54

Аксынын Ак-Жол айылында бир нече үйдүн короосун сел каптады

Аксы районунун Ак-Жол айылын. Сел каптаган учур. Видеодон алынган скриншот. 2-май, 2019-жыл.
Аксы районунун Ак-Жол айылын. Сел каптаган учур. Видеодон алынган скриншот. 2-май, 2019-жыл.

3-майга караган кечте катуу жааган жамгырдан улам Аксы районунун Ак-Жол айылындагы беш-алты үйдүн короосун, ички жолдун азыраак бөлүгүн жана бак-дарактарды сел каптады. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган айыл баш ийген Ак-Жол айыл округунун башчысы Бердалы Мырзагулов билдирди.

Анын айтымында, имараттар жана адамдар жабыр тарткандар жок. Жергиликтүү тургандар "Азаттыкка" жөнөткөн видеодо жолду, короону суу каптап, уйлар селди кечип жүргөнү көрүнүп турат.

Мырзагулов бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери менен чогуу чыгашаларды эсептөө жана зыян тарткандарга жардам берүү чаралары жүрөрүн кошумчалады.

Мунун алдында ӨКМ 2-3-май күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип жаткан.

Ак-Жол айыл округунда жалпы тогуз айыл бар. Анда 1824 кожолук, 10 миңдей адам жашайт. (ErN)

XS
SM
MD
LG