3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата Хусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде ““Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аттуу көргөзмө ачылды.
Иш-чарада бул тема боюнча жеңүүчүлөрдүн ысымдары аталып, аларга сыйлык тапшырылды. Эмгектерди медиа уюмдардын алты өкүлү жана бир белгилүү кесипкөй сүрөтчү – Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөрүнүн төрагасы Таалай Усубалиев кирген калыстар тобу баалаган.
Натыйжада 1-орунга “Сөз эркиндиги карикатурасы” үчүн Руслан Валитов, 2-орунга “Мамлекеттик ЖМКлар” карикатурасы үчүн Михаил Томилов, 3-орунга “Гүлдөрдүн тили” карикатурасы үчүн Перизат Турдубекова ээ болду.
Сынакка бардыгы болуп 23 автордон 68 эмгек келип түшкөн. Авторлордун катарында кесипкөй сүрөтчүлөр менен катар карикатура өнөрүнө кызыккан ышкыбоздор да бар.
БГУ менен өнөктөштүктө “Журналистер” коомдук бирикмеси уюштурган. Сынакты өткөрүүгө “Сорос-Кыргызстан” фонду жардам берген. (ZA)