Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

«Азаттыктын» жетекчиси жана иликтөөчү кабарчысы маалымат берди (видео)


«Азаттыктын» Бишкектеги кеңсесинин директору.
«Азаттыктын» Бишкектеги кеңсесинин директору.

Бүгүн «Сорос Кыргызстан» фонду, Журналисттик иликтөө фонду жана эксперттер сөз эркиндигинин учурдагы абалын талкуулап, медиа чөйрөдөгү соңку чуулгандуу жана резонанстуу окуяларга саресеп салышууда.

Иш-чарага катышып жаткан «Азаттыктын» директору Айзада Касмалиева кайсы бир иликтөө чыккан соң аны башка маалымат каражаттары да коштоп, илип кете албай жатканын айтты. Ал көп учурда коомдо ич ара айтылып эле жүргөн коррупциялык иштерди ачык далилдөө кыйынга турарын кошумчалады.

«Ош: салыктан буйтаган ишкерлер»​ иликтөөсүнүн автору, «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков өзүнүн иликтөөсүндө чети оюлбай жаткан эбегейсиз коррупциялык көрүнүштүн кыпындай гана бөлүгүн алып чыкканын айтып, журналисттерди салмактуу иликтөөлөргө көбүрөөк басым жасоого чакырды.

29-апрелде милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковду сотко берген. Ал Ош шаардык сотуна жазган доо арызында Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган. (KR)

XS
SM
MD
LG