Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Индиянын чыгышын «Фани» шамалы каптады


Индиянын «Фани» шамалы каптаган аймагы.
Индиянын «Фани» шамалы каптаган аймагы.

Жума күнү эртең менен Индиянын чыгышын «Фани» аттуу катуу шамал каптады. Одиша штатындагы кара нөшөр ылдамдыгы секундасына 55 чакырымга жеткен шамал менен коштолду.

Бийлик океан жээгинен жарым миллионго жакын адамды коопсуз жактарга көчүрүп кетүүгө үлгүрдү. Жергиликтүү аэропорт, мектеп жана мамлекеттик мекемелердин бардыгы жабылды.

Табият кырсыгынын кесепетин алдын алыш үчүн жүздөгөн куткаруучулар, медицина кызматкерлери даярдыкта турушат. Азырынча жабыркагандар же курман болгондор тууралуу маалыматтар түшө элек.

Индияда тропикалык циклондор адатта апрель айында башталып, декабрга чейин уланат. 1999-жылы «Одиша» циклону 10 миңдей адамдын өмүрүн алган.

XS
SM
MD
LG