Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:54

Нур-Султандын тургуну акцияга катышканы үчүн он күнгө камалды


Нур-Султан шаарынын тургуну Ермекбол Тлеухан.
Нур-Султан шаарынын тургуну Ермекбол Тлеухан.

Казакстандын Нур-Султан шаардык соту 3-майда жергиликтүү тургун Ермекбол Тлеуханды «тынч митингдерди өткөрүү эрежелерин бузду» деген негиз менен 10 суткага камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.

Тлеухан 1-майда Казакстандын баш калаасында өткөн митингде аны полиция кызматкерлери желим таяктар менен урганын айткан. Бул күнү өлкөнүн бир нече шаарларында, анын ичинде Алматыда жүздөгөн адамдар нааразылык акциясына чыккан. Алар «бизде тандоо укугу бар, Нур-Султан-менин баш калаам эмес, Токаев-менин президентим эмес» деген ураандарды чакырышкан.

Алматы менен Нур-Султан шаарларындагы митингдер кармоолор менен аяктаган. Ички иштер министрлиги билдиргендей, бул күнү жалпысынан 80дей адам кармалган. Бир нече адамга айып пул салынып, кээ бирлери 5-10 күнгө камакка алынганы кабарланды.

Казакстанды дээрлик 30 жылдай башкарган Нурсултан Назарбаев март айында президенттик ыйгарым укуктарын токтотууну чечкен. Анын ордун баскан парламенттин ошол кездеги спикери Касым-Жомарт Токаев бийликтеги партиянын атынан 9-июнга белгиленген президенттик шайлоого катышып жатат.

XS
SM
MD
LG