Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Военно-Антоновканын митингге чыккан тургундары айыпка жыгылды


Военно-Антоновканын өкмөттүн алдына чыккан тургундары.
Военно-Антоновканын өкмөттүн алдына чыккан тургундары.

Военно-Антоновка айылынын 3-майда Өкмөт Үйүнүн алдында нааразы болуп чыккан тургундары 3000 сом айыпка жыгылды. Калган 30дай киши түшүнүк кат жазып берген.

Айыл тургундары колунда «кызыл китеби» бар болгонуна карабастан, өкмөттүн «жерди мыйзамсыз алышкан» деген чечимге нааразы.

Алардын бири Эрлан Нурматов «Азаттыкка» буларды билдирди:

- Биз бул жерлерди 2012-жылы сатып алганбыз. Бирок кийин «бул - айыл чарба жерлери, аларга мораторий кирген» деп там салдырбай келатат. Бизге «кызыл китептерди» Мамлекеттик каттоо кызматы берген. Басып алган, документи жок жерлерди мыйзамдаштырып жатышат. Ал эми биздин мыйзамдуу жерибизге там салдырбай, каршылык көрсөтүп жатышат. Бүгүн микрофон менен кыйкырбай, плакаттарыбызды жайбай, коомдук тартипти бузбай, мындан 5-6 күн мурун өкмөткө жазган кайрылуунун жообун угалы деп турганбыз. Бирок алар колу-бутубузду толгоп, Биринчи май райондук милиция бөлүмүнө алып барышты.

Чүй облусунда 2005-2010-жылдардагы ыңкылаптардан кийин жерди мыйзамсыз басып алуу сыяктуу көрүнүштөр орун алган. Бүгүнкү күнү айрым жаңы конуштар мыйзамдаштырылса, башкалары ушул күнгө чейин талашка түшүп, түйшүк жаратып келет.

Митингге чыккандарды кармап кеткен Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Айбек Турдубековдун билдиргени боюнча, Өкмөт Үйүнүн алдында 29-апрелден 11-майга чейин нааразылык акцияларын өткөрүүгө сот тарабынан тыюу салынган. (KR)

XS
SM
MD
LG