Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:51

Президентке жазылган кайрылууга 125 журналист кол койду


Президентке жазылган кайрылууга 125 журналист кол койду.
Президентке жазылган кайрылууга 125 журналист кол койду.

Ош, Жалал-Абад жана Баткендин 125 журналисти Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылып, "Азаттыктын" иликтөөчү журналисти Ыдырыс Исаковду коргоого чакырды.

«Сиз буга чейинки бир катар билдирүүңүздө өлкөдө коррупцияга каршы олуттуу күрөш жүргүзүлөрүн, коррупционерлер коомчулуктун алдында ашкереленээрин, кандай гана коррупциялык иштер болбосун анын сот тарабынан аныкталып, өз баасын аларын билдирип, коррупционерлердин атын ачык атоону калайык калктан сурандыңыз эле.

Ошондон кийин жарандар, журналисттер да мамлекеттик саясатка таянып, сизге ишенип коррупцияга баткан тармактар, жетекчилер тууралуу ачык ойлорун билдирип, атайын көрсөтүүлөрдү жасап келишет. Мисалы, «Азаттык» үналгысынын Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «Ош: Салыктан буйтаган «ишкерлер» деген журналисттик иликтөө жасап, анда Оштогу ири ишкери деген Жалил Атамбаевге таандык бир канча ишканалар мамлекетке жарытылуу салык төкпөй келгенин мисал келтирген эле.

Андагы фактылар Мамлекеттик салык кызматынын сайттарынан алынып, расмий маалыматка негизделген болчу. Андан соң өкмөткө баш ийген Экономикалык кылмыштар менен күрөш боюнча мамлекеттик кызмат аталган ишкердин ишканаларына текшерүү жүргүзүп жатканы маалым болгон. Ушуга карабай, 29-апрелде Жалил Атамбаев журналист Ыдырыс Исаковду сотко берип, 50 млн. сом доо койгону белгилүү болду.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Биз, Кыргызстандагы ММКлардын өкүлдөрү, жарандык коом, активисттер сизге кайрылып, бул «уурусу күчтүү болсо ээсин доого жыгат» деген куру жалаадан журналистти коргоп калууну, тагыраагы, мамлекетке салык төкпөй, кирешелерин жашырып келген Жалил Атамбаевдин сотторду пайдаланып, ММКга кысым кылуусуна жол бербей, ишти өз көзөмөлүңүзгө алууну өтүнөбүз. Журналист фактыларга таянуу менен коррупцияга шектүүнүн атын гана ачык атады, басма сөз стандарттарына ылайык Жалил Атамбаевге да микрофон сунуп, мүмкүнчүлүк берди.

Буга карабай, анын кысымга алынышына Конституциянын кепили катары сиз жол бербешиңиз керек!» деп жазылат кайрылууда.

29-апрелде милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковду иликтөөсү үчүн Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган. (KR)

XS
SM
MD
LG