Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:16

НАТОнун Европадагы жаңы командачысы ишке киришти


Америкалык генерал Тод Уолтерс.
Америкалык генерал Тод Уолтерс.

Америкалык генерал Тод Уолтерс НАТОнун Европадагы Бирдиктүү аскердик күчтөрүнүн башкы командачысы кызматына расмий түрдө киришти.

Ант берүү аземи Түндүк атлантикалык аскердик альянстын Европадагы күчтөрүнүн Бельгиянын Монс шаарындагы башкы штабында 3-майда өттү.

Бул иш-чарага катышкан НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг аскердик уюмдун Европадагы бөлүгүн "дүйнөдөгү эң түйшүгү көп жана эң маанилүү аскердик командачылык" катары мүнөздөдү.

Европадагы Бирдиктүү аскердик күчтөрүнүн башкы командачылыгын буга чейин АКШ армиясынын дагы бир генералы Кёртис Скапаротти жетектеп келген.

Тод Уолтерс НАТО АКШ менен Орусиянын ортосундагы куралданууга каршы Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр (INF) боюнча келишимдин аякташына даярдык көрүп жаткан учурда кызматка киришүүдө.

Жаңы командачы буга чейин Американын Европадагы аба базаларында иштеп келген.

XS
SM
MD
LG