Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Беш жаштагы кызды зордуктаган киши 19 жылга кесилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Анжиян облусунун Пахтаабад райондук соту беш жаштагы кызды зордуктаган 31 жаштагы кишини 19 жылга түрмөгө кести.

Ал «Атайлап киши өлтүрүү» жана «Зордуктоо» беренелери боюнча айыптуу деп табылды.

Сот жараяны учурунда белгилүү болгондой, беш жаштагы кыз соттолгон кишинин үйүнө анын баласы менен ойнош үчүн келген. Үйдө эч ким жок болгондуктан, ал кызды зордуктап, тумчуктуруп өлтүргөн. Кылмыш изин жашырыш үчүн кыздын сөөгүн капка салып, үйдүн ичиндеги жертөлөнүн ичине көмгөн.

28-январь күнү кечинде ата-энеси кызды таппай калган, анын көлөшүнүн түгөйү коңшусунун үйүнө түшүп калганын көрүшкөн. Андан соң милиция чакырышкан. Укук сакчылары кыздын сөөгүн үйрөтүлгөн иттин жардамы менен табышкан.

Сотто айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Ал адамга жат ишке барганын, шайтан азгырганын билдирди.

Соттун өкүмүнө ылайык, кылмышкер жазасынын эки жылын катаал режимдеги, андан кийинкилерин жалпы режимдеги колонияда өтөйт.

XS
SM
MD
LG