Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:02

«Түркмөн аба жолдору» Европага кайра каттай баштайт


Ашхабаддагы эл аралык аэропорт.
Ашхабаддагы эл аралык аэропорт.

«Түркмөн аба жолдору» компаниясынын учактары Ашхабад-Франкфурт, Ашхабад-Лондон жана Ашхабад-Бирмингем багыттары боюнча уча баштайт. Каттамдар 1-июндан тарта башталат.

Быйыл 4-апрелде Авиациялык коопсуздук боюнча Европа агенттиги (EASA) «Түркмөн аба жолдоруна» Европа Биримдигине кирген өлкөлөргө учууга тыюу салган.

​Түркмөн авикомпаниясынын каттамдары эмне себептен токтотулганы так айтылган эмес. Түркмөн тарап эл аралык коопсуздук талаптарын сактоону тастыкташы керек экени маалымдалган.

Февралдын ортосунда «Түркмөн аба жолдору» «Lufthansa Consulting» компаниясына кайрылып, эл аралык стандарттарга шайкеш келиш үчүн аба коопсуздугу жаатындагы мүчүлүштүктөрдү жоюуга жардам сураган.

XS
SM
MD
LG