Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:05

Бишкекте VII Билим фестивалы өтүп жатат


Робот жасаган окуучулар. Иллюстрациялык сүрөт.
Робот жасаган окуучулар. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 4-май күнү VII Билим фестивалынын экинчи күнү “Кыргызстандын санариптик мууну: Билим берүүдөгү маалыматтык моммуникациялык технология (МКТ) жана IT билим берүүсү” деген темада өтүүдө.
Анда көргөзмөлөр–жармаңкелер, музыка, роботтордун күрөшү жана башка иш-чаралар уюштурулган.

Фестивалга орто жана жогорку окуу жайлар, лицей, мектептер жана башка билим берүү борборлору катышууда.


Билим фестивалы борбор калаадагы эмен багында, балдардын «Сейтек» борборунда, К. Баялинов атындагы китепканада жана Ч. Айтматов атындагы орус драма театрында өтүп жатат.

Билим фестивалы акыркы бир нече жылдан бери өтүп келе жатат. Анын негизги максаты – өсүп келе жаткан муундун билимге жана чыгармачылыкка болгон кызыгуусун ойготуу, балдарды эрте жашынан өз алдынча ой жүгүртүүгө умтуулуусун калыптандыруу, кесип тандоосуна көмөк көрсөтүү.

VII Билим фестивалы “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду, Бишкек мэриясы, Борбордук Азиядагы Америка университети тарабынан бир катар өнөктөштөрүнүн колдоосу астында уюштурулган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG