Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Президент Жээнбеков: Кыргызстанда уран казылбайт


Бишкектеги уранга каршы акция. 26-апрель, 2019-жыл.
Бишкектеги уранга каршы акция. 26-апрель, 2019-жыл.

4-майда Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алган учурда президент Сооронбай Жээнбеков уран казуу маселеси боюнча пикирин билдирди:

«Биз кийинки муунга ынтымагы бекем коомду, укуктук мамлекетти калтыруубуз зарыл. Урпактарга ата-бабадан калган таза табиятты, жашыл жаратылышты жеткирүүгө милдеттүүбүз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айта кетейин, Ысык-Көлдө Кызыл-Омполдо уран казуу маселеси коомдо кызуу талкууланып, элибиз кабатыр болуп жатат. Так кесе айтам — Кыргызстанда уран казылбайт!», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.


Сооронбай Жээнбеков мамлекет башына келгенден бери тоо-кен тармагына катуу талап коюлуп жаткандыгын айтып, тармактагы маселе Коопсуздук кеңешинде каралганын эскертти.

22-апрелде Кызыл-Омпол уран кенинин иши убактылуу токтотулган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 24-апрелде парламентте уран кенинде иштеп жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы 2004-жылы каттоодон өткөнүн, 2010-жылы кенди геологиялык изилдөөгө уруксат алганын билдирген.

Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде уран чалгындоого каршы нааразылык акциялары Бишкекте, Балыкчыда, Караколдо катар-катар өткөн.

Өкмөт Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарылып алынганын, кенди иштетүүгө толук тыюу салынганын айткан.

Уран казуу боюнча мамлекет башчысы үн катпайт деп нааразы болгондор аз күн мурун соцтармактарда "Президент, үн кат" деген акция башташкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG