Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:57

Чукул билдирүү: Үшүк жүрөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, 5-6-майда түнкүсүн Талас, Чүй облусунун тоо этектериндеги райондордо, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Абанын температурасы -1...-3 градуска чейин түшөт.

5-майда Кыргызстандын айрым аймактарында жаан жаайт, тоолуу райондордо карга айланат. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.


Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 10…15;

Таласта түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде -1…-3 градус суук болуп, үшүк жүрөт. Күндүз 16…21;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Ысык-Көл, Нарын облустарында күндүз 8…13 жылуу, түнкүсүн 1...6, айрым жерлерде -1…-3 градус суук болуп, үшүк жүрөт;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5 градус жылуу болот.

5-майда Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы: түнкүсүн 1…3°, күндүз 18…20 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG