Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06

Ингушетияда мэр циркте жаныбарлар менен оюн көргөзүүгө тыюу салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ингушетиянын борбору Магас шаарынын мэри Беслан Цечоев шаарда жаныбарлар менен цирк коюуга тыюу салды. Бул тууралуу мэриянын расмий сайтына жарыяланды. Анда мэр "Цирк - бул жаныбарларды эксплуатациялоонун эң ырайымсыз түрү. Мындай оюндар Магас шаарында эч качан коюлбайт. Жаныбарлар жансыз оюнчук эмес, алар тирүү жан" деп белгилеген.


Беслан Цечоев өзүнүн "Инстаграмдагы" баракчасына шаарда дельфинарий курууга каршы чыкканын, анын ордуна үй-жайсыз жаныбарлар үчүн асыроочу жай курууну сунуштаганын жазып чыккан.

Беслан Цечоев Магас шаарын 2015-жылдан бери жетектеп келет. Ага чейин Ингушетиянын башчысынын кеңешчиси болгон.

Жапайы жаныбарлар менен цирк көрсөтүүгө Австрия, Шотландия, Ирландия, Мальта, Нидерланды жана Португалия тыюу салган. Мындай циркке тыюу салууну Британиянын айлана-чөйрөнү коргоо министри Майкл Гоув убада берген.

XS
SM
MD
LG