Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Согушта дайынсыз жоголгондорду эскерүү митинги болот


Бишкектеги "Өлбөс полк" акциясынын катышуучулары. 9-май, 2018-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги "Өлбөс полк" акциясынын катышуучулары. 9-май, 2018-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Экинчи Дүйнөлүк согушта дайынсыз жоголгон кыргызстандыктарды эскерүүгө арналган митинг-реквием 5-майда Бишкекте Жеңиш аянтында болот.

Иш-чараны "Эрдик-Подвиг" коомдук фонду уюштурууда. Эскерүүгө 1941-1945-жылдары согушка кетип, дайынсыз жоголгон жоокерлердин жакындары, согуштун ардагерлери чакырылган. Бул тууралуу аталган фонддун төрагасы Каныбек Мырзаканов "Азаттыкка" билдирди.


Ата мекендик согушта дайынсыз жоголгондорду эскерүү митинги быйыл бешинчи ирет өткөрүлүп жатат.

Согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандыктар курман болгон.(SA/ZKo)

XS
SM
MD
LG