Ысык-Көл Түп районунун тоо этектериндеги айылдарына, Каракол шаарына кыламык кар жаады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 5-6-май күндөрү абанын температурасы үч градуска чейин төмөндөшү жана үшүк жүрөрү алдын-ала кабарланган.
Азырынча айыл чарба өсүмдүктөрүнө кардын тийгизген кесепети аныктала элек.
Синоптиктердин маалыматы боюнча абанын температурасынын төмөндөшү жана үшүк жүрүшү 6-майга караган түнү да күтүлүүдө. (ZKo)