Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:26

Зеленский инаугурацияны 19-майда өткөрүүнү сунуш кылды


В. Зеленский Жогорку Рада менен жолугушуудан кийин. Киев. 4-май, 2019-жыл.
В. Зеленский Жогорку Рада менен жолугушуудан кийин. Киев. 4-май, 2019-жыл.

Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленский инаугурацияны 19-майда өткөрүүнү сунуш кылды.

Бул сунушун ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Эгерде Жогорку Рада жаңы президенттин инаугурациясын 27-майга чейин белгилебесе, анда Зеленский парламентти таратуу тууралуу буйрук чыгара албайт. Украин мыйзамдары боюнча, президент Раданы ыйгарым укугу аякташына жарым жыл калганга чейин гана тарата алат. Учурдагы Раданын ыйгарым укугу 27-ноябрда бүтөт.

Жогорку Раданын спикери Андрей Парубий азыр парламентти таратууга негиз жок экенин айтып, болгон күндө да «жаңы президент аны таратууга жетишпейт» деп билдирген. 4-май күнү парламент менен жолугушууда Владимир Зеленский «Парламент таратылабы?» деген суроого жооп берген эмес.

Маалымат каражаттары парламент инаугурацияны 28-майга белгилөөнү көздөп жатканын жазышты.

Жогорку Раданын жакынкы отуруму 14-майда өтөт, ал отурумда президенттин инаугурациясынын күнү чечилет.

Мыйзам боюнча Жогорку Рада президенттин инаугурациясын шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланган күндөн тартып 30 күн ичинде белгилөөгө укуктуу.

Украин БШКсы президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгы тууралуу 30-апрелде жарыялаган. Ага ылайык Владимир Зеленсикй 73,22%, ал эми Петро Порошенко 24,5 % добушка ээ болгон.

XS
SM
MD
LG