Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

Орусияда тиркеме аркылуу анонимдүү сүйлөшүүгө тыюу салынды


«Telegram» тиркемесин колдоп өткөн митинг. Москва. 30-апрель, 2019-жыл.
«Telegram» тиркемесин колдоп өткөн митинг. Москва. 30-апрель, 2019-жыл.

Буга байланыштуу мыйзам Орусияда 5-майдан тартып күчүнө кирди. Эми Интернетте жеке куржун аркылуу сүйлөшүү үчүн телефон номур бекитилиши зарыл. Бул үчүн мессенжер кызматы уюк операторуна жазышып жаткан абоненттердин номурун сурап кайрылат. Оператордон 20 мүнөт ичинде оң жооп келсе, анда тараптар сүйлөшүүсүн уланта алышат. Ал эми уюк операторунун маалымат базасына анын абоненти кайсы тиркеме аркылуу сүйлөшүп жатканы тууралуу жазылат. Эгер абонент эч бир уюк операторунун маалымат базасында жок болсо, тиркеме анын андан аркы сүйлөшүүсүнө тыюу салат.

Бул талапты аткарууга Орусиядагы негизги – МТС, «Билайн», «Мегафон», «Tele2» уюк операторлору макулдугун беришкен. Ал эми «Facebook», «Messenger», «Whats App», «Instagram» жана «Viber» азырынча үн ката элек.

Тиркеме аркылуу сүйлөшүүчү абоненттерди каттоо тартибин былтыр жыл аягында өкмөт башчы Дмитрий Медведев киргизген. Ага чейин орус бийлиги «Telegram» тиркемесине тыюу салууга аракет кылган.

Апрель айында Мамлекеттик Дума «Өз алдынча Рунет» деп аталган мыйзам долбоорун кабыл алган. Бирок активисттер бул мыйзам кабыл алынса бийлик Интернетти толук көзөмөлгө аларын жана цензураны күчөтөрүн айтып жатышат. Бийликтин демилгесине байланыштуу Орусияда бир катар нааразылык акциялары өтүп, анын катышуучулары Орусияда Интернет эркиндигин талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG