Ооганстандын түндүгүндөгү Пули-Хумри шаарында «Талибан» кыймылы полиция бөлүмүнө кол салып, кеминде 20дай адам жарадар болду. Жанкечти өзүн жардырып, кийин согушкерлер менен полиция өкүлдөрүнүн ортосунда атышуу башталган.
«Атышуулар токтогон жок, жарадарлар ооруканага жеткирилди», - деген жергиликтүү бийликтин өкүлү Асадулла Шахбаз аймакка башка провинциялардан күч түзүмдөрү келе жатканын кошумчалады.
Баглан провинциясындагы бул кол салуу үчүн «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алып, анын согушкери полиция бекетинин жанында турган жардыруучу түзмөктү жардырып жибергенин маалымдады.
Ушундан кийин куралдуу топ чабуул коюп, айрымдары полиция бөлүмүнүн ичине киргенге үлгүргөн.
Бул Ооганстандагы «Лоя жырга» деген ат менен белгилүү жалпы элдик курултайдын катышуучулары бардык тараптарды өлкөдө ок атышууну тезинен токтотууга чакыргандан кийин болуп отурат. 3200дөй уруу аксакалдарынын, диний аалымдардын, саясатчылар менен атактуу ооган жарандарынын башын бириктирген Кабулдагы төрт күндүк жыйын 3-майда жыйынтыкталган.
«Талибан» кыймылы «Лоя жырганын» ок атышууну токтотуу жөнүндө чакырыгын четке каккан. Талибдер жума күнү тараткан билдирүүсүндө «Лоя жырганы» майнапсыз жыйын катары мүнөздөп, курултайдын Орозо айы башталгандан тартып кармашты токтотуу боюнча сунушун кабыл албай турганын белгиледи.
АКШнын расмий адамдары менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткан куралдуу кыймыл адегенде атышууну токтотуу жөнүндө чакырыктарды четке кагып, биринчи кезекте АКШ менен НАТОнун аскерлери аймактан чыгып кетишин талап кылып келе жатат.