Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Заманиния: Иран мунайын экспорттону улантабыз


Амир Хусейин Заманиния.
Амир Хусейин Заманиния.

Ирандын мунай министринин орун басары Амир Хусейин Заманиниянын 5-майда айтканына караганда, Тегеран мунайды «көмүскө базарга» чыгарыш үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.

«Биз бардык ресурсту мобилизация кылып, мунайды «кара базарга» чыгарабыз», - деди ал.

Заманиниянын бул билдирүүсү АКШ Ирандын мунайын сатып алууга киргизген санкциясынан баш тартпай турганын жарыялагандан кийин болуп отурат.

Тегеран АКШнын санкцияларына карабастан, мунайды экспорттоону уланта берерин билдирүүдө.

«Бул - аткезчилик эмес. Бул - биз адилетсиз жана мыйзамсыз деп санаган АКШнын санкцияларына каршы туруу», - деди министрдин орун басары.

Дональд Трамп 2017-жылдын январь айында президенттик кызматка киришкенден бери Вашингтон Тегеранга каршы саясий жана экономикалык басымды күчөттү. Трамп былтыр май айында АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча Тегеран менен дүйнөнүн алты державасынын ортосунда 2015-жылы кол коюлган келишимден чыгарын жарыялаган.

Андан бери Кошмо Штаттар Иранга каршы экономикалык санкцияларын кайра калыбына келтирүүдө. Өткөн аптада Вашингтон 1-майдан тартып Кытайга, Индияга, Жапонияга, Түштүк Корея менен Түркияга Ирандан мунай импорттоого берилген убактылуу жеңилдикти токтотоорун жарыялаган.

XS
SM
MD
LG