Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:50

Ооганстанда «Талибандын» кол салуусунан сегиз полиция кызматкери мерт болду


Ооганстандагы өкмөттүк күчтөр.
Ооганстандагы өкмөттүк күчтөр.

5-майда Ооганстандын түндүгүндөгү Пули-Хумри шаарында «Талибан» кыймылы полиция башкармалыгына кол салып, коопсуздук күчтөрүнүн кеминде сегиз кызматкери мерт болду. Ал эми 55 киши, анын ичинде күч органдарынын 30дан ашуун кызматкери жарадар болгон. Бул тууралуу Баглан провинциясынын саламаттык сактоо департаментинин башчысынын орун басары Ахмад Бариз Сахибзада билдирди. Ал атышуу дагы эле уланып жаткандыктан, курмандыктар мындан да көбөйүшү мүмкүн экенин кошумчалады.

Маалыматтарга ылайык алгач жанкечти өзүн жардырып, кийин согушкерлер полиция башкармалыгына чабуул коюп, имаратты ээлеп алган.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Насрат Рахими атышууда полиция үч согушкерди жок кылганын маалымдады.

«Атышуу токтогон жок, жарадарлар ооруканага жеткирилди», - деген жергиликтүү бийликтин өкүлү Асадулла Шахбаз аймакка башка провинциялардан кошумча күчтөр тартылганын кошумчалады.

Баглан провинциясындагы бул кол салуу үчүн «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алып, анын согушкери полиция бекетинин жанында турган жардыруучу түзмөктү жардырып жибергенин маалымдады. Ушундан кийин куралдуу топ чабуул коюп, айрымдары полиция бөлүмүнүн ичине киргенге үлгүргөн.

XS
SM
MD
LG