Президенттик шайлоого биринчи айлампада 42,8% алган Стеву Пендаровски менен 42,2% топтогон Гордана Сильяновска-Давкова катышып жатат.
Эртең менен саат жетиде өлкө боюнча 3400дөй шайлоо бекети ачылды. Мамлекеттик шайлоо комиссиясы жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:00гө карата шайлоочулардын 20% добуш бергенин маалымдады. Добушканалар кечки жетиде жабылат.
Биринчи айлампага үч талапкер ат салышкан. Анда Стеву Пендаровски менен Гордана Сильяновска-Давкова дээрлик теңме-тең добуш топтогон. Ал эми Европа Биримдигиндеги мурдагы элчи, албан тектүү Блерим Река 10,4% добуш алган. Ошондуктан түндүк македониялыктарга Блерим Рекага добуш бергендер бул ирет кимди колдой тургандыгы кызык болуп турат. Өлкө калкынын төрттөн бирин албандар түзөт.
Быйыл февралда Македония өз аталышын өзгөртүп «Түндүк Македония» болуп калган. Грекиянын өкмөтү 1991-жылдан бери Македониянын аталышына каршы чыгып, өз аймагында дал ушундай эле аталган аймак бар экенин, бул кийин жер талашка себеп болушу мүмкүн болорун билдирип келген. Январдын соңунда Грекия өзүнүн коңшусу менен анын аталышы тууралуу бир чечимге жетишкен. Македонияны Түндүк Македония деп атоо тууралуу чечим эки өлкөнүн парламентинен тең колдоо тапкан. Узак жылдарга созулган талаш Түндүк Македониянын НАТО менен Европа Биримдигине кошулушуна жол ачкан.
Президенттикке талапкер болгон 63 жаштагы консерватор, профессор Гордана Сильяновска-Давкова өзүн өзү көрсөткөнү менен, аны ВМРО-ДПМНЕ оппозициялык партиясы (Македониянын ички революциялык уюму – Македония элинин биримдиги үчүн демократиялык партия) колдоп жатат. Ал өлкөнүн аталышын Түндүк Македония деп өзгөртүш үчүн Грекия менен сүйлөшүүгө каршы чыккандардын бири.
Стиво Пендаровски - өлкөнүн НАТОго кирүү маселеси боюнча координатору, бийликтеги социал-демократтардын колдоосуна таянат. Ал мурдагы эки президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси болгон жана өлкөнүн аталышын өзгөртүүнү колдогон.
Азыркы президент Горге Иванов эки мөөнөткө президент болгону үчүн бул ирет талапкер боло алган жок.
Түндүк Македониянын Конституциясына ылайык, шайлоо өттү деп таанылышы үчүн шайлоочулардын 40%, башкача айтканда 1,8 млн. киши добуш бериши керек.