Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Токмокто балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн социалдык борбор ачылды


Токмокто балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн ачылган социалдык борбор.
Токмокто балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн ачылган социалдык борбор.

Токмок шаарында Кызыл жарым ай коомунун көмөгү менен балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү убактылуу баш калкалай турган борбор иштей баштады. Бул жайда балдарга кошумча өнөрлөр да окутулат. 15 кишиге ылайыкташкан борбордо уктоочу бөлмөлөр, ашкана, жуунчу жай, эс алуучу бөлмө да бар. Жаштар менен иштөөгө Токмок шаардык социалдык кызматтын психолог, педагог адистери тартылат.

Жылына Кыргызстанда 15-17 жаштагы 400-500 бала балдар үйүнөн тарбияланып чыгат. Алардын көбү баш калкалай турган турак жайы, жумушу жок өз алдынча жашоодо бир топ кыйналары айтылып келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG