Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:49

Бишкекте ысык суу бир айга токтоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

6-майдан тартып Бишкекте ысык суу токтотулду. Мэриянын маалыматы боюнча, ысык суу жылуулук системасын оңдоо иштерине байланыштуу бир айга токтотулган. Анда айтылгандай, быйыл «Бишкек жылуулук» ишканасынын линиясы менен жаңы жылуулук трассалары орнотулат. Мындан тышкары Лев Толстой көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушун аяктоо зарылчылыгын белгилеген мэрия бул жылы оңдоо иштери жылдагыдан эрте башталганына түшүндүрмө берген.

Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары ысык суунун бир айга токтотулушу Орозо айынын башына туш келгенин айтып, нааразы болушкан.

Бишкек шаарынын жетекчилиги жыл сайын май айында ремонт иштерине байланыштуу ысык сууну бир айга токтотот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG