Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:58

№3 түрмөдөн эки темир сейф алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

4-май күнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) сөз болуп жаткан түрмөдө тинтүү иштерин жүргүзгөн. Тинтүү учурунда 30 чөнтөк телефону, аларды дүрмөттөөчү жабдыктар, 12 кулакчын, 15 сим-карта табылган. Мындан тышкары 1 литр брага, 1 литр бензин, колго жасалган жылытуучу мештер, элүүдөн ашуун бычак жана эки темир сейф алынган.

Казылган жерлер табылган эмес. Бул тууралуу маалымат ЖАМКтан алынды.

Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында жайгашкан №3 түрмө катаал режимдеги жаза өтөөчү жай болуп саналат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG