Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:01

Батукаевдин иши үчүн камалган онкологдун адвокаты президентке кайрылды


Анара Кыштобаева басма сөз жыйынында.
Анара Кыштобаева басма сөз жыйынында.

Батукаев боюнча камалган дарыгердин адвокаты бул ишке учурунда өкмөт жана тиешелүү органдар көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн талаштуу жагдай түзүлгөн деп эсептейт.

Эмил Макимбетовдун адвокаты Анара Кыштобаева бүгүн, 6-майда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрдү. «Тартип сакчылары жана өкмөт каякты карап отурушту эле? Алар анализге алынган үлгү материалдын корголушу үчүн жооптуу болчу да» деп билдирди ал.

Жактоочу ошондой эле президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Макимбетовго карата териштирүүнүн калыс өтүшүн суранды:

- Урматтуу президент, депутаттар, тергөөчү! Ишти объективдүү карап, өз көзөмөлүңөргө алыңыздар. Бул резонанстуу иш. Качанкыга чейин дарыгерлерди, мугалимдерди, интеллигенцияны ушинтип тебелей беришет?

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында «ага оорулуу деген аныктама (справка) берди» деген айып менен онколог Эмил Макимбетов өткөн аптада камакка алынып, ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилгени маалым болгон.

Эмил Макимбетов - балдардын онкология жана гематология борборунда эмгектенген илимий кызматкер. Ал тажрыйбалуу онколог катары белгилүү.

Быйыл 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин суроосуна жооп берип жатып Батукаевдин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын билдирген.

Кийин, 30-апрелде Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева «Азаттыктын» «Эки бир» программасында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча соттордун чечими кайра каралаарын билдирди.

Оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG