Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

«Шереметьево»: Кырсыкта кыргызстандыктар жабыркаган жок


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Орусияда учак кырсыгында жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Орусиянын Тергөө комитети «Sukhoi Superjet» учагы кабылган кырсыкта 41 адам, анын ичинде бир экипаж мүчөсү мерт болгонун ырастады.

«Аэрофлот» компаниясынын Москвадан Мурманскка жөнөгөн учагында жалпысынан 78 киши - беш экипаж мүчөсү жана 73 жүргүнчү бараткан.

«Sukhoi Superjet» учагы асманга көтөрүлгөн соң жарым сааттан кийин авариялык абалдан улам кайра конууга аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG