Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

Трамптын эскертүүсүнө карабай, Кытайдын делегациясы АКШга барат


Америкалык жана кытайлык делегациялардын кездешүүсү. 21-февраль, 2019-жыл.
Америкалык жана кытайлык делегациялардын кездешүүсү. 21-февраль, 2019-жыл.

АКШнын президенти Кытай товарларына салык көбөйтүлөрүн эскерткенине карабастан Бээжиндин делегациясы сүйлөшүүлөр үчүн Вашингтонго барууга даяр. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү билдирди.

Жекшембиде Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп апта аягына чейин 200 миллиард долларга тете Кытай товарларынын салыгын 10 пайыздан 25ке көтөрүүнү караштырып жатканын «Твиттерге» жазган. Ал мындай чара улантылаарын эскертти.

Америкалык басма сөз маалымдагандай, Трамп муну менен Бээжиндин татаал сүйлөшүүлөрдөн кийин өзүнө алган милдеттенмелерди кайра карап чыгуу аракеттерине жооп кайтарды. Жарым жылга созулуп кеткен сүйлөшүүлөр экономикалык эки дөөнүн «соода согушундагы» элдешүү катары бааланган.

Кытайдын делегациясы болжолу менен Вашингтонго ири макулдашуу түзгөнү барган атат.

Трамптын билдирүүсүнөн кийин Кытайдын биржаларындагы көрсөткүчтөр жана мунайдын дүйнөлүк баасы түшүп кетти.

XS
SM
MD
LG