Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 05:54

Финляндияда Арктика боюнча эл аралык конференция башталды


Иллюстрациялык сүрөт.

Финляндияда Арктика боюнча эл аралык конференция башталды. 2 күндүк жыйында Кошмо Штаттар, Орусия жана аймакка чектеш башка өлкөлөрдүн делегациялары планетанын глобалдык ысышы, Түндүк уюлдагы чөлкөмдүн бай минерал ресурстарына жетүү маселелерин талкуулап жатышат. Арктикада муздун эриши мунай менен газдын ири запастарына, цинкке, темирге, сейрек металлдарга жол ачууда. Муну менен чектеш өлкөлөр, дүйнөлүк державалар бул аймакка дооматтарын көбүрөөк артып киришти.

Андан тышкары муздун эриши менен деңиз жолдору да ачылууда. 2-майда Пентагон кытайлык суу астындагы кемелердин коркунучу тууралуу эскерткен.

Мамлекеттик катчы Майк Помпео Арктика саясатын түптөөдө Кытайдын ролун четке какты.

Помео жана орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Финляндиядагы жолугушууда Арктикадан тышкары бир катар маселелерди, анын ичинде Венесуэладагы саясий кризисти талкуулашары маалымдалды.

XS
SM
MD
LG