Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон дыйкандарга орозону кийинчерээк кармоого кеңеш берди. Орозо айын утурлай элге телекайрылуусунда Рахмон мусулмандар үчүн ыйык ай быйыл ысык мезгилге туура келгенин белгиледи. Ал эгер дыйкандар мээнет жумшап өстүргөн түшүм убагында жыйналбай калса, кесепети баары үчүн кыйын болорун айтты.
- Ыйык Курандын «Нисо» сүрөөсүндө «өзүңөрдү кыйнабагыла, Кудай баарыңарга ырайымдуу» деп жазылган. Силер орозону өзүңөргө ылайыктуу башка убактарда деле кармап койсоңор болот, - деп кошумчалады президент.
Ошондой эле Рахмон Орозонун алдында азык-түлүктүн кымбаттап кетишин сындады. Май айынан тартып Дүйшөмбүнүн базарларында эт, шекер, май жана ун эки эсе кымбаттап кеткен. Мындай көрүнүш коңшу мамлекетте жыл сайын кайталанат.