Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:11

Сот «Совок» деп жазган окутуучуну актады


Темир Болотбек.
Темир Болотбек.

Бүгүн 6-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту «улут аралык кастыкты козутту» деп шек саналып жаткан окутуучу Темир Болотбекти актаган өкүм чыгарды.

«Медиа Полиси Институту» уюмунун маалыматына караганда, жалпысынан үч экспертиза жүргүзүлдү. Уюмдун демилгеси менен уюштурулган психологиялык-лингвистикалык экспертизаны орусиялык филологдор өткөрүп, ал козуткан эч нерсе айтпаганын, «совок» деген сөз улут аралык кастыкты козгобой турганын билдиришти.

Уюмдун юристи Алтынай Исаева:

- Темир Болотбектин иши боюнча мынчалык узак жараян жүргүзүүнүн зарылчылыгы деле жок болчу. "Улут аралык кастык" дегенди туура түшүнгөн адамдар үчүн анын сөздөрүндө кайсы бир улуттук топ тууралуу сөз болбогону көрүнүп эле турат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусу Темир Болотбекке карата 2018-жылы 1-мартта «улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен кылмыш ишин козгогон.

Буга ал «Фейсбукта» Кыргызстан эгемендик алганга чейин Бишкекте салынган имараттарды сындаганы, аларга суктангандарды «совок» деп атап, «Рашага көчүп кеткиле» деген маанидеги сөздү жазганы негиз болгону кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG