Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:47

Ооганстанда талибдердин чабуулунан 13 полиция кызматкери курман болду


Ооганстан.
Ооганстан.

Ооганстандын Пул-и-Хумри шаарында полициянын баш кеңсесине талибдер кол салганда кеминде 13 тартип сакчысы каза тапты. Ички иштер министрлиги маалымдагандай, жекшембиде Баглан чөлкөмүнүн борборунда жанкечти дүрмөттөлгөн машине менен полиция комплексинин дарбазасын сүздүргөн, жардыруудан кийин куралчан 8 киши имаратка кирип барган. 13 полиция кызматкери курман болду, 60тай киши, ичинде жөн-жай адамдар жабыркады. Бир нече саатка созулган атышууда кол салгандар атып өлтүрүлдү.

Чабуул үчүн жоопкерчиликти «Талибан» өзүнө алды. Үч күн мурун Ооганстандын жалпы элдик курултайы «Лойя жырга» чогулуп, кыймылга зордук-зомбулукту токтотуу жөнүндө талап коюлган.

Талибдер «адегенде АКШнын жана НАТОнун аскерлери өлкөдөн чыгарылышы керек» деп, андай чакырыктарды четке какты жана орозо айында да кол салуулар улантылаарын билдирди.

Ал арада АКШнын чабарманы менен «Талибандын» өкүлдөрү Дохада өткөрүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрү орозо айынын башталышына байланыштуу убактылуу токтоду. Ооганстандагы уруш дээрлик 18 жылдан бери жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG