Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

Казакстанда Kaktus.media тосмолонду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда эки күндөн бери кыргызстандык Kaktus.media сайты ачылбай жатат. Сайттын жетекчилиги муну атайын бөгөт коюу деп эсептейт.

Интернет-басылманын негиздөөчүсү Дина Маслованын "Азаттыкка" айтканы боюнча, буга 21-апрелде Алматыда өткөн иш-чара тууралуу макала себеп болушу ыктымал.

- Кечээтен тартып колдонуучулар Казакстанда биздин сайт ачылбай жатканын айтып даттана башташты. Бүгүн да алар менен жазышсак, абал ошондой экенин, биздин сайтка прокси-серверлер аркылуу кирип жатышканын айтышты, - деди ал.

Казакстандын Маалымат жана коммуникация министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, Kaktus.media тыюу салынган сайттардын тизмесине кирбейт.

21-апрелде казакстандык активисттер Асия Төлесова менен Бейбарыс Толымбеков Алматыдагы марафон учурунда акция өткөргөндөн кийин «митинг уюштуруу жөнүндө мыйзамды бузган» деген айып менен кармалган.

Алар жөө күлүктөр чуркаган көчөнүн четинде «Чындыктан кача албайсың! Акыйкат шайлоо үчүн! Бизде тандоо бар!» деп жазылган баннерди көтөрүп турушкан. Сот ошол эле күнү экөөнү тең 15 күнгө камакка алган. (RK)

XS
SM
MD
LG